Суббота, 21 сентября

Жылдызкан Жолдошева: Президентке Садыр Жапаровдун жактоочусунун кайрылуусун бердим

0

Садыр Жапаровду боштондукка чыгарууну талап кылган митингди колдоп келген Жылдызкан Жолдошева президентке Садыр Жапаровдун жактоочусунун кайрылуусун бергенин айтты.

“Мен кандай маселе бар, эмне себептен ушундай болуп жатканын билейин деп кече Сабыр Жапаровду, аялын жана жактоочусун үйгө чакырдым. Азыр жактоочунун кайрылуусун президент Сооронбай Шариповичке өз колум менен жеткирдим. Кайрылууну өз колу менен алып, тиешелүү органдарга бере турганын айтты”-деди парламенттин экс-депутаты Жылдызкан Жолдошева.

Эскерте кетсек, Садыр Жапаров “бейбаштык”, “бийлик өкүлүнө карата зордук-зомбулук көрсөтүү”, “барымтага алуу” жана башка беренелер боюнча айыпталган. Биринчи май райондук сот С.Жапаровду 11 жыл 6 айга эркинен ажыраткан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз