Суббота, 21 сентября

Парламенттин бүгүнкү митингге реакциясы кандай?

0

ЖК депутаты Аида Исмаилова абактагы Жапаровду бошотуу митингинде үчүнчү күчтөр пайдаланып кетиши мүмкүн деп эсептейт. Ал бул тууралуу жергиликтүү басылмалардын бирине берген маегинде айтты. Ал элдин митинг аркылуу маселелерин чечкенине каршы. Болуп жаткан нааразычылык үчүнчү күчтөр тарабынан каржыланган деп ойлойт. Алар өз кызыкчылыгы үчүн элди колдонуп, акцияга коротулган акча чет жерден келгендей таасир калтырганын кошумчалады. Анын пикиринде революциялар экономиканын алсырашына алып келет.

Ал эми Руслан Казакпаев жарандардын тынчтык митингге чыгуусуна конституция жол берерин жана бул жерде эч кандай жамандык жок экендигин айтты. Анын ою боюнча нааразычылык акциялар мыйзам чегинде өтүшү керек. Садыр Жапаровдун тарапташтары тууралуу пикиринде бардык адамдар мыйзам алдында бирдей экенин, эгер сот күнөлүү деп чечсе мыйзам чегинде нааразычылык билдирүүсү туура деп эсептейт. Эгерде жарандар абактагыларды бошотууну талап кылса биздин демократия анархияга айланып кетерин кошумчалады.

Элдик депутат Тазабек Икрамов митингдерге каршы эмес, бирок нааразычылыкка чыккандар коомдук тартиптин бузулуусун көзөмөлгө алып турушу керек экенин белгилейт.

Исхак Масалиев өз кезегинде нааразычылык акциялар мыйзам ченемдүү көрүнүш экенин, Садыр Жапаровдун тарапташтары эмнеге митингге чыкканын билерин айтты. Ал бүт саясий иштер каралышын талап кылат. Бардык саясатчылардын кылган иштерин карап, Жапаровдукун карабай жатканын кошумчалады. Жапаров ырайым сураганы менен иштери каралбай жатканы үчүн тарапташтары нааразы деп эсептейт. Акцияга чыккандар чагымчылдарга ишенип албаса экен деп чочулап жатканын билдирди.

Эсиңиздерге салсак, бүгүн, 2-мартта “бейбаштык”, “бийлик өкүлүнө карата зордук-зомбулук көрсөтүү”, “барымтага алуу” жана башка беренелер боюнча айыпталып, 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган Садыр Жапаровду бошотууну талап кылган митинг болууда.

 

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз