Суббота, 21 сентября

Митингчилер күч менен таратылды

0

Бүгүн, 2-мартта кечки саат 18:20да Садыр Жапаровдун тарапташтары менен күч кызматкерлеринин ортосунда кагылышуу болду. Митингчилер Ак үйгө карай келе жатканда милиция кызматкерлери алдынан тосуп чыкты. Жаалданган эл таш менен уруп, милицияны жарып өттү. Бирок күч кызматкерлери элге көздөн жаш агызуучу газ колдонуп, үн чыгаруучу граната ыргытып, элди артка сүрдү.

Күч кызматкерлери Жапаровдун тарапташтарынын айрымдарын кармап кетти. Күч кызматкерлеринин арасында жарадар болгндор бар.

Учурда митингдин катышуучулары толук таратылды.

Эсиңиздерге салсак, бүгүн түштөн бери Садыр Жапаровду боштондукка чыгарууну талап кылган эл Ала-Тоо аянтына митингге чыккан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз