Воскресенье, 19 мая

Айымдар 8-мартка эмне белек күтүп жатканы аныкталды

0

8-март айымдардын эл аралык майрамында кандай белектер аялзатынын көңүлүн көтөрөрү аныкталды. Биринчи орунда зер буюмдар турат(41% айым каалайт), экинчиде боенуучу каражаттар жана атыр болсо(40%), үчүнчү орунда ар кандай сертификаттар(31%). Ал эми 23% кыздар саякат жолдомолорун күтүшөт, гаджет каалагандар 16% гана түзөт. Бул изилдөөнү “Авито” жарнама жайгаштыруу кызматы орусиялык 18 жаштан жогорку кыздардын арасында жүргүзгөн. Эксперттер 3 000 ашык айым менен пикир алмашкан.

2020-жылы аялзатын майрамы менен куттуктоону пландаган мырзалар былтыркы жылы 90 пайыз болсо, быйыл 3 пайызга көбөйгөн.

Мырзалар жогорудагылардан тышкары тиричилик техникаларын, кийим жана бут кийим, идиш-аяктарды, китеп, ичимдиктерди жана жаныбарларды берүүнү көздөп жатканын изилдөө көрсөткөн. Ошондой эле мырзалар орто эсеп менен 4 000 рублдун тегерегинде акча  сарптары болжолдонгон.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз