Понедельник, 6 мая

Рамзан Кадыров: Трамптын планы мусулмандарга каршы кылмыш

0

Чечен республикасынын башчысы Рамзан Кадыров Дональд Трамптын Жакынкы Чыгышты жөнгө салуу боюнча планын жалпы мусулмандарга каршы кылмышы деп эсептейт.

Дүшөмбү күнү Кадыров Палестина президентинин кеңешчиси, жогорку сот Махмуд аль-Хабаш менен жолуккан. Алар Палестина менен Орусиянын ортосундагы экономикалык, маданий жана руханий байланышты талкуулашты. Бул тууралуу Чечен өкмөтүнүн маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда Трамптын планы эл аралык укуктарды бузуп жатканын жалпы мусулмандарга каршы кылмыш катары эсептегенин айткан.

Анын батыштын аралашуусу менен мусулман өлкөлөрүндө согуштар күч алып, айрым мусулман мамлекеттеринин элдеринин жана лидерлеринин биримдигинин жоктугу Жакынкы Чыгыштагы кризистик кырдаалды күчөтүү үчүн жагымдуу кыртыш болуп эсептелип жатат деген пикири менен Палестина өкүлүнүн ою бир жерден чыкканын айтты.

Эскерте кетсек, Дональд Трамп Иерусалимди Израилдин борбору кылууну жана Иорданиянын бир топ аймагын израилдин карамагына өткөрүүнү сунуштаган.

Мындан тышкары Трамп Чыгыш Иерусалимди палестинанын борбору кылып,  ошол аймакка Америка элчилигин курууну пландап жатат.

Палестина күзөтүлгөн мамлекет болот. Алар аба мейкиндигин жана чек арадагы көзөмөл-өткөрмө пункттарын көзөмөлдөй албайт. Палестинанын чыгыш аймагындагы батыш жээги жана газ сектору – туннель менен бириктирилиши керек. Муну менен бирге Трамп палестиналыктардын талаптарына болгон үмүтүн, анын ичинде качкындардын өз жерине кайтуу укугун алып койду. АКШнын Израилге болгон талаптары: Иорданиянын батыш жээгиндеги мыйзамсыз форпостторду бузуп, адам жашаган аймакка айлантуу, 4 жылга курулуш иштерин токтотуу жана Палестинаны көз карандысыз кылуу. Экинчи тармагы – экономика. Ал өткөн жылда жарыяланган. Жалпысынан 50 миллиард долларлык 200 проект бар.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз