Бүгүн, 3-мартта «Ош» жана «Аламүдүн» базарларындагы соода түйүндөрү, «Бишкекжылуулукэнерго» ишканасынын аймагы, №5 мончосу коронавируска каршы дезинфекциядан өттү. Аны оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин Бишкек шаардык борбору ишке ашырды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
Мындан сырткары «Дордой транс» жана «Совет бригада» жоопкерчилиги чектелген коомдорунун транспорттору да дезинфекцияланды.
Аталган борбордун адистери Бишкектеги «Айчүрөк», «Автордук мектеп», «Рефал» жана №71 мектептин окуучулары менен, Ленин районундагы мечиттердин имамдары жана «Имам Сарахсий» медресесинин тарбиялануучулары менен вирустардын алдын алуу боюнча баарлашууларды уюштурушту.
Март айынын башынан бери мындай түшүндүрүү иштери супермаркеттерде, кафе-ресторандарда, тамактануучу жана башка жайларда да өтүп жатат.