Понедельник, 6 мая

Греция өкүлү мигранттарды өлтүрбөгөнүн айтты

0

Грециянын расмий өкүлү Стелиос Петсас Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын Греция чек арачылары эки мигрантты өлтүрдү деген маалыматын төгүндөдү.

Эрдоган грек чек арачылары түрк-грек чек арасын кесип өтүүгө аракет кылган 2 адамды өлтүрүп, 1 адамга оор жаракат келтиргенин Болгариянын премьер-министри менен бирге өткөргөн пресс-конференцияда кабарлаган.

“Грек чек ара кызматкерлери эч кимди аткан эмес, бул фейк маалымат”-деди Петсас.

Эсиңиздерге салсак, Түрк бийлиги Сириянын Идлиб шаарындагы абалдан улам мигранттарды жана качкындарды кармай албай калганын кабарлаган. Ал эми качкындар Грецияга өтүү үчүн аракет кылышкан. Бирок гректер үн чыгаруучу граната менен тосуп алган.

Маалыматтар таянсак, чек арадан мыйзамсыз өтүү боюнча 24 000 адам аракет кылган, 183 адам камалган. Качкындар жана мигранттар биригип 130 469 түзөт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз