Вторник, 26 ноября

С.Жапаровдун тарапкерлеринин офисин тинтүү болду

0

Бүгүн, 3-мартта Садыр Жапаровдун тарапташтарынын Бишкекте жайгашкан офисин тинтүү иштери болду. Бул тууралуу жактоочу Бактыбек Жумашев фейсбук баракчасына жазды.

Бул боюнча УКМК кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу фактысынын негизинде сотко чейинки өндүрүш ишине карата тинтүү болгонун айтышты.

Эсиңиздерге сала кетсек, кече, 2-мартта Садыр Жапаровду абактан чыгаруунун талап кылган митинг болуп өткөн.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз