Суббота, 21 сентября

Инстаграм гив деген эмне?

0

Инстаграмдагы гив деген эмне?

Акыркы учурларда инстаграмды ачсаң эле ырчылар, актерлор, жалпы жонунан жылдыздардын көпчүлүгү гив өткөрүп жатканына күбө боло баштадык. Белек катары тиричилик техникалары, боенуучу каражаттар, таттуулар, жада калса баш байгеге автоунаа, батирлер коюлууда. Дегеле гив деген эмне, ойнотуп жаткан адамга жана катталуучуларга эмне пайдасы бар экендигине назар салып көрөлү.

Giveaway өткөрүүнүн негизги максаты катталуучу чогултуп, баракчаны таанытуу.  Бул катталуучуларга белгиленген убакытта белек берүү менен ишке ашат.

Гивди өткөрүү процесси оңой: сиз өзүңүздүн баракчаңызга гив ойнотуп жаткандыгыңыз жана анын шарттары туралуу пост жазасыз. Шарттарына сиздин аккаунтка катталууну, постту өзүнүн аккаунтуна киргизип, сиздин “никти” белгилөөнү, лайк басууну, комментарий калтырууну, ошондой эле сиздин постуңуздун алдына өзүнүн тааныштарын белгилөөнү сунуштасаңыз болот. Атайын видео, сүрөт жасоону же өзүнүн идеясына сизди кошуп ишке ашырганы кызыктуу. Шартка качан жыйынтык чыгарарыңыз тууралуу да белгилешиңиз керек.  Эгерде сиз койгон талаптар аткарылса белек берүүчү адамды тандап аласыз. Бул аркылуу аз акча менен “тирүү” катталуучу чогултууга мүмкүнчүлүк табылат.

Конкурстан кандай пайда тапса болот?

Биринчиден көп катталуучу чогултасыз. Эгерде сиздин жүзүңүз бар сүрөттү же брендди миңдеген адам “репост” кылган болсо ошончо көп адамга тааныласыз. “Тирүү” катталуучуларыңыз көп болсо жарнама берүүчүлөр кайрылышат. Андан ары каражат табууга болот.

Коллективдик эмгек

Гивди бир нече себептерден улам жалгыз адам өткөрбөйт. Алар:

  1. Жалгыз катталуучу чогултуу кыйын
  2. Кызыксыз болот
  3. Жалгыз адам көп белек ала албайт

Гивге бир нече аккаунттар катыша алат. Белгилей кете турган нерсе тематикасы окшош болгону туура. Мисалы сүрөт менен моделдер, мода менен кийим, кулинария менен торт жасоо аккаунттары. Авто оңдоо менен шар жасоочу аккаунттар гивди чогуу өткөрбөгөнү туура, ал ишке ашпайт.

Катталуучуларды кызыктыруу үчүн баалуу белектер болушу керек. Анын барын жалгыз адам ала албайт. Ошондуктан гивди ойнотууга катышкан тарап белек алууга каражат же белек кошот. Көбүнчө кийим дүкөндөрү, соода түйүндөрү, ырчылар, блогерлер жана жеке адамдар катышат. Белектердин баалуулуктарына жана шарттардын коюлганына жараша катталуучу чогултуп алат.

Катталуучуларга пайдасы

Инстаграм колдонуучу шарттарды аткарып, бекер баалуу белек алууга же кызмат колдонууга мүмкүнчүлүк алат. Айрымдары конкурс бүткөндөн кийин бардык аккаунттардан чыгып кетишет.

Гивди уюштуруу

Конкурстун автору катары белгиленген адам болот. Алдын ала кандай белектер алынат жана гивди уюштурууга катышкандар канча каражат берери аныкталат. Бул үчүн атайын бир адам дайындалганы жакшы. Андан соң гив үчүн даярдалган сүрөт же видеону гив-катышуучулар өзүнүн баракчасына жайгаштырат. Белекке ээ болуу үчүн кайсы аккаунтка кайрылыш керек, шарттары кандай экендигин жазып, конкурстук баракчаны белгилейт. Эң эффективдүү шарт катары конкурстук баракчага жакын адамды белгилөөнү эсептесек болот. Анда белгиленген аккаунтка белги барып, ал адам дагы конкурска катышып калуу ыктымалы бар.

Жеңүүчүнү тандоо

Шартта көрсөтүлгөн убакыт келгенде бардыгы конкурстун аяктаганы тууралуу кабар берет. Жеңүүчүнү тандоо үчүн атайын бир топ программалар иштейт. Катышкан аккаунттун бардыгы программага киргизилип, программа аркылуу жеңүүчүнү аныктайт. Айрымдар жазган комментарийине, активдүүлүгүнө, өзгөчө видео, сүрөт жасаганы үчүн жеңүүчү деп эсептейт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз