Парламенттин депутаты Алмамбет Шыкмаматов мэриянын митинг өткөрүүгө тыюу салганын сынга алды. Ал өзүнүн инстаграм баракчасына “Бөрк ал десе, баш алмай”, Бишкек мэриясы мындан ары митингдерге тыюу салуу демилгесин көтөрүп чыкты. “Митингдерге тыюу салабыз” деген “эски оору” сабак болбогону өкүндүрөт. Шылтоо таппай араң турган жандары кечеки ызы-чуу менен коштолгон митингди беттерине кармап, ушундай мыйзамсыз, элге каршы демилгени көтөрө чабуу чоң ката. Митинг өткөрүү- конституциялык укугу, демократиялык ачык коомдун алтын эрежеси. Жарандар коомдогу көйгөйлөрдү митинг аркылуу билдирип турат, башкача айтканда бийлик менен элдин ортосундагы диологдун бир инструменти (куралы). Албетте тартиптүү, маданияттуу, мыйзамдуу эрежелер менен. Бирок битке өчөшүп көйнөктү отко салып, митинг өткөрүүгө такыр тыюу салып коюу акыры чыңалууга, анан жарылууга алып келерин Суракматов унутпаш керек”- деп жазган.
Көпчүлүк катталуучулары Шыкмаматовдун бул жазганын туура дешсе, айрымдары шайлоо алдындагы кошоматчылык катары кабыл алганын жазышкан.
Эсиңиздерге салсак, 2-марттагы Садыр Жапаровдун тарапкерлеринин уюштурган митингинде башаламандык орун алган. Ошол окуядан кийин жана дүйнөнү каптап келе жаткан коронавирус оорусунун алдын алуу үчүн мэрия митинг өткөрүүгө тыюу салган.
“Ала-Тоо аянтындагы акыркы окуя, коронавирус эпидемиясынын коркунучу болгондуктан Бишкек мэриясы өз укугун пайдаланып, борбордо митинг өткөрүүгө тыюу салуу үчүн сотко кайрылууга мажбур”- деген мэриянын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев.