Вторник, 7 мая

«Жазгы калкан» операциясы Асад режимин жок кылат

0

Түрктөрдүн “Жазгы калкан” операциясынын башталышы менен Сириянын түндүк-батышындагы  Башар Асаддын тарапташтары алсыздандырылды. Бул тууралуу Түркиянын улуттук коопсуздук министри билдирди.

Анын айтымында, Идлибде 2 түрк аскер кызматкери каза таап, 6 аскери жаракат алган. Ага жооп катары түрк тарап бир нече сокку жиберген.

Полковник Олджай Денизер “Жазгы калкан” операциясы башталгандан бери Идлибдеги 3 самолет, 8 вертолет, 3 учкучсуз учкан аппарат, 151 танка, 47 артиллериялык курал, 8 аба коопсуздук аппараты, 12 ракеталык комплекси, 4 мина куралы, 24 ок өтпөгөн унаа, жөө жүргөндөрдүн машинасы, 34 жүк ташуучу унаа, 60 аскердик унаа жана 10 курал сактоочу бөлмө жок кылынганын айтты.

Аталган операция Идлибдеги аскерлердин жана жөнөкөй жашоочулардын коопсуздугу үчүн Башар Асадды жана террористтерди таптакыр жок кылганга чейин уланат.
“Жазгы калкан” 27-февралда террористтер тарабынан 36 түрк аскери каза болгондон кийин башталган.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз