Вторник, 7 мая

Украина Луганга ок чыгарды

0

Украиналык күчтөр бир сутканын ичинде Луган Эл Республикасына 4 жолу ок чыгарган. Бул тууралуу Лугандын ок атууну токтотуу, көзөмөлдөө жана макулдашуу боюнча биргелешкен борборунун өкүлү билдирди.

Маалыматта украиналык күчтөр 120 жана 82 миллиметрлик калибрдик миномет, граната менен Фрунзе, Калиново жана Лозовое аймактарына ок атканы айтылган.

Эсиңиздерге салсак, Украина бийлиги 2014-жылы мамлекеттик көтөрүлүштөн кийин өзүн көз карандысыз деп эсептеген Луган Эл Респуликасы менен Донецк Эл Республикасына каршы аскердик операция баштаган. БУУнун маалыматына ылайык, конфликттен 13 000 адам каза тапкан.

Донбасстагы абалды жөнгө салуу боюнча талкуулар жүрүп жатат. 2014-жылдын сентябрында Минскте жолугушкан байланыш группалар 3 документ кабыл алган. Ага карабастан атышуулар болуп келет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз