Вторник, 7 мая

Екатеринбургдагы парадды айымдар ачышат

0

Екатеринбургда 9-майда өтө турчу парадды биринчи жолу ардактуу кароол ротасынын курамындагы аскер айымдар ачышат. Бул тууралуу борбордук аскер округдун пресс-борборунан кабарлашты.

“Парадка катышуучу аскер айымдар тандалып алынган. Аларга атайын кийим жана бут кийим тигилген”- деп айтылат маалыматта.

Айымдар эс алуу күндөрдөн тышкаркы бардык күндөрүн машыгуу менен өткөрүп жатышат. Мындан тышкары спорттук манежде көнүгүүлөрдү жасап, муундар үчүн бассейнге түшүшүүдө.

Буга чейин Екатеринбургдагы жөө жүрүштө аскер кызматкерлери Улуу Ата-Мекендик согушка арналган өзгөчө желек тагылган кутуча жана согуш убагындагы кийим (форма) менен 3 кутуча чыгат.

Биринчи жолу Казакстан, Тажикстан, Кыргызстан жана Өзбекстан аскер контингенттери катышат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз