Воскресенье, 19 мая

Чек арачылар улуттук кийим менен сапка тизилишти

0

, 5-марта ак калпак жана улуттук кийимдерди даңазалоо күнүнө карата чек арачылар улуттук кийимдерди кийип, саптык катарга тизилди. Бул тууралуу чек ара кызматынын маалымат кызматынын өкүлү Гүлмира Бөрүбаева билдирди.

“Биздин чек арачы эркектерибиз менен аялдарыбыз кандай жакшынакай экенин карагылача. Алар бир гана күн (5-март ак калпак күнүнө карата – ред.) “улуттук стилде” тизилишти”, — деди ал.

5-март — ак калпак жана улуттук кийимдерди даңазалоо күнү. Бул күндү режиссер Рысбек Жабиров демилгелеп чыккан. Ал 2016-жылы Жогорку Кеңештин токтому менен кабыл алынган.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз