Суббота, 21 сентября

Коронавирустан айыккан адам каза болду

0

Кытайдагы коронавируска чалдыгып, бирок айыгып чыккан адам каза болду. Бул тууралуу орус маалымат агенттиги кытай маалыматына таянып жазган.

Ооруканадан чыккан жаран 5 күндөн кийин каза болгон. Ал коронавирустун айынан көз жумганы аныкталган.

Буга чейин Кытай дарыгерлери адамдын иммунтитети начар болсо экинчи ирет вирусту жугузуп алуу коркунучу бар экендигин айтышкан.

Учурда жалпы дүйнө боюнча 100 миңдин тегерегиндеги адам коронавирус  менен күрөшүп жатат. Кытайдан тышкары Италияда, Иранда жана Түштүк Кореяда бейтаптар жана каза болгондор көп.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз