Суббота, 21 сентября

Кара-Суу мэри кызматынан кетти

0

Кара-Суу шаарынын мэри Кутугали Козубаев кызматтан кетти. Бул маалыматты журналисттерге өзү кабарлаган.

Анын айтымында, ден соолугуна жана жаш курагына байланыштуу өз каалоосу менен кызматтан кетүү  арызын жазган. Муну менен катар ал жергиликтүү шайлоого катышат деген маалыматты четке каккан.

Белгилей кетсек, Кутугали Козубаев Кара-Суу шаарынын мэри болуп 2017-жылы шайланган.

25-март күнү Кара-Суунун жаңы мэри шайланат. Ага чейин Кара-Суу шаарынын мэринин милдетин вице-мэр Шавкат Осмоналиев аткарат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз