Суббота, 21 сентября

Хабиб Нурмагомедов Фергюсондун чемпиондук курун тепти

0

UFC уюмунун чемпиону Хабиб Нурмагомедов атаандашы Тони Фергюсон менен көз караштар таймашын өткөрүп жатып анын утурумдук чемпион болгондо алган курун тээп салды. Видео UFC уюмунун Instagram баракчасына чыкты.

Мушкерлер 18-апрелде өтө турган UFC 249 турниринин алкагында маалымат жыйын өткөрүп, стэрдаун (көз караштар таймашы — ред.) кылышкан. Иш-чара 7-мартка караган түнү Лас-Вегастагы (АКШ) «Ти-Мобайл Аренасында» болду.

Спортчулардын көз караштар таймашы чыңалуу менен башталып, алар жада калса кол алышып учурашпай койгонун көрүүгө болот. Америкалык мушкер каршылашына сес көрсөтүп, ар кандай сөздөрдү айтып, мурда утурумдук чемпион болуп жүргөндөгү бел курун көтөрө келип, аны Хабибдин алдына таштаган. Россиялык спортчу да атаандашына тиш кайрап, бир убакта анын жердеги курун тээп салган. UFС президенти Дана Уайт аларды тынчтандырганга аракет кылганын көрүүгө болот.

Эки спортчу 19-апрелде Нью-Йорктогу UFC 249 турниринин алкагында чемпиондук наам үчүн беттешет.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз