Воскресенье, 22 сентября

Путиндин аялы болууну каалап, ага сунуш киргизген кыз

0

Ивановонун жаштар театрынын актрисасы Юлия Шилова Путинге өзүн жубайлыкка алуусун сунуштаган. Ал “Риа Новостиге” берген маегинде биринчи айым болуу колунан келе турганын айткан.

РФнын президенти Владимир Путин жума күнү иш сапары менен Иванового барган. Өлкө башчысы жергиликтүү жашоочулар менен сүйлөшүп жатканда топтун ичинен бир кыз Путинге сунуш кылган. Кийин Владимир Путин бүт өлкөгө белгилүү болорун айткан.

Ивановонун жашоочусунун аты Юлия Шилова, ал жаштар театрында актриса болуп иштейт, 28 жашта. Учурда турмушка чыга элек.

Шилова президентке көптөн бери ашык болуп жүргөнүн айткан.

“Мага анын өлкөнү башкарганы жагат. Ал күчтүү, максат кое билген адам. Мен анын пресс-конференцияларын көрөм”-деген маегинде.

Путиндин иш сапарында кыз сүрөтүн жиберген, кийин өзү менен жеке сүйлөшкөн.

Юлия Путиндин көңүл бурганына сүйүнгөнүн жана толкунданганын кошумчалады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз