Воскресенье, 22 сентября

Феминисттик жөө жүрүштө аялдарга кол салгандар кармалды

0

Феминисттик жүрүштүн катышуучулары менен кагылышкан жарандардын өздүгү такталып, милиция бөлүмүнө жеткирилди. Бул тууралуу Свердлов РИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, беш жаранга карата Бузуулар жөнүндөгү кодекстин негизинде протокол түзүлгөн. Чагымчыл иштерди уюштурган адамдардын жүргөн жерин аныктоо жана аларды кармоо иштери жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, кечээ, 8-мартта Bishkek Feminist Initiatives уюму Бишкекте Феминисттердин үй-бүлөлүк зомбулукка каршы жүрүшүн өткөрмөк. Жөө жүрүштүн катышуучулары Жеңиш аянтына чогула башташкан. Бирок, “Кырк чоро” коомдук уюмунун активисттери ак калпакчан, медициналык беткапчан келип кол салышып, кууп-таратышкан. Бул окуядан кийин Свердлов райондук милициясы 60тай жаранды кармап кеткен.

Жыйынтыгында милиция кармалган 60 кишинин 50сүн коё берип, 10 жаранга бийлик өкүлдөрүнө баш ийбей каршылык көрсөттү деген айып тагып, 3000 сомдон айыппул салып, анан чыгарган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз