Суббота, 20 апреля

Дастан Бекешов 8-марттагы окуя боюнча президентке кат жазды

0

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов ИИМ башчысы кызматынан кетүүсүн талап кылууда. Ал президентке ачык кат жазган.

“Алматы, Киевде аялдар коркпой акцияга чыгып жатышат. Ал эми Бишкекте алардын колдорун толгоп, автобустарга салышты. Окуя аркылуу дүйнөгө, биринчи өзүбүздүн алдыбызда уят болдук, дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты”-деген катында Дастан Бекешов.

“Урматтуу Сооронбай Шарипович, сиз өлкө башчы катары кыргыз аялы жумуртка менен чаба турчу буюм же бокс мүшөгү эмес экендигин көрсөтүшүңүз керек. Сизден аялдардын тең укуктуулукка аракет кылган жөө жүрүшүнө катышууңузду суранам. Сиздин катышууңуз миңдеген адамдарга өлкөдө жыныстык дискриминация жок экендигин билдирет”-деген пикирин кошкон.

Ал президентти жарандар милициядан коркпой, тескерисинче аны коргоочусундай көрө тургандай демонстрация кылып тарыхта калуусуна чакырды.

Бекешов Генералдык прокуратурага ИИМдин аялдардын жөө жүрүшүнө тоскоолдук кылып, кармап кеткен иштерине баа берүү үчүн тапшырма берүүсүн суранды.

Эсиңиздерге салсак, 8-март күнү Bishkek Feminist Initiatives уюму аялдардын жөө жүрүшүн өткөрмөк. Алар Жеңиш аянтына чогула башташкан. Бирок “Кырк чоро” кыймылынын мүчөлөрү келип, аялдардын жазууларын ыргытып, чагымчылык кылышкан. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барып акциянын катышуучуларын кармап кеткен. Катышуучулар ар кандай жаракаттарды алышкан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз