Вторник, 26 ноября

АКШда Түркияны колдогон акция болду

0

Америкадагы сириялыктар, түрк жана башка мусулман топтор Лос-Анжелестин Анахайм районуна чогулушту. Алардын максаты Идлибдеги абалды жөнгө салууга аракет кылып жаткан түрк аскер кызматкерлерин колдоо.

Акция түрк-америка улуттук координациялык комитетинин жана сирия-америка коалициясынын демилгеси менен уюштурулган.

Катышуучулар “Биз Түркияны колдойбуз”, “Асаддын кылмышына каршыбыз”, “АКШ ойгон, Түркияны колдо” ж.б жазуулар менен чыгышкан. Ошондой эле “Жазгы калкан” операциясында курман болгон түрк аскерлеринин аттары жаңырды.

Лос-Анжелестеги Түркиянын генералдык консулу Жан Огуз чогулган элге кайрылуусунда Анкара көп убакыттан бери сириялыктарга жардам берип келе жатканын белгиледи.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз