Инфекциялык ооруларды, анын ичинде коронавирустун алдын алуу максатында Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык борборунун кызматкерлери коомдук унааларды, соода-базар комплекстерин дезинфекциялоо иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.
Учурда Бишкекте 250дөн ашык кичи автобуста дезинфекциялоо иштери жүргүзүлгөн.
Кичи автобустар менен бирге автобус жана троллейбустарда да дезинфекциялоо иштери жасалууда.
Мэриядан белгилешкендей, медициналык кароодон өтпөгөн, дене табы көтөрүлгөн жана КРВИ белгилери бар айдоочулар каттамга чыгарылган жок.