Суббота, 18 мая

Казакстанда коронавируска шектелген үч миң адам карантинде

0

Өлкөнүн саламаттыкты сактоо министрлиги 9-мартта кабарлаганы боюнча, алардын баары эпидемиологиялык абал курчуп турган өлкөлөрдөн келгендер. Булардын ичинен 1053 адам Кытайдан, Түштүк Корея жана Ирандан келишкен. 182 киши Италиядан, 2849 адам Германия жана Испаниядан келгендер.

Карантиндеги жарандарды Айкынбаев атындагы лабораториялык борбор текшерип, көзөмөлдөөдө.

Расмий маалыматтарга караганда Казакстанда вирус жуктургандар катталган жок.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз