Воскресенье, 5 мая

Асрандиев: “Айыл чарба товарлары жетиштүү”

0

Коронавирус алдын-алуу боюнча республикалык штабдын жыйынында вице-премьер-министр Эркин Асрандиев айыл чарба продукцияларынын, азык-түлүктүн запасы жана калктын керектөөсү тууралуу тийиштүү мамлекеттик органдардын отчётун укту.

«Биз рыноктогу запастын абалы боюнча билишибиз керек. Ири соода түйүндөрүнүн жана азык-түлүк базарларынын кожоюндары менен сатуунун көлөмү жөнүндө маалыматтарды күнүгө берип туруусу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү зарыл», — деди вице-премьер-министр.

Ал мамлекеттик органдардын алдын ала берген маалыматы боюнча, ата мекендик рынокто кырдаал туруктуу экенин кошумчалады. Айыл чарба товарлары жетиштүү санда, ал эми аларды экспорттоо мурдагыдай эле жүзөгө ашырылууда.

«Кыргыз тарап продукцияларды ташууга чектөө киргизген жок. Ошол эле учурда муктаждыктагы товарларды ташуунун көлөмүнө көзөмөл жүргүзүлүүдө», — деп кошумчалады вице-премьер-министр.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавируска байланыштуу эл аралык өзгөчө абал жарыялаган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз