Кытайдын Фуцзянь провинциясындагы кулаган мейманканадан каза болгондордун саны 26га жетти. 3 адам урандылардын алдында жатат. Бул тууралуу Кытай борбордук телевидениечи кабарлады.
Xinjia Express мейманканасынын имараты 7-мартта 19:15 чамасында кулаган. 2018-жылы ачылган мейманкана 6 кабаттан туруп, 80 номерлүү болгон.
Тактала элек маалыматтар боюнча өздөрү чыккан 9 адамдан тышкары 71 адам уранды астында калган. Мейманканада коронавирус менен жабыркаган адамдар менен байланышкандар карантинде жаткан. Бирок алардан коронавирус табылган эмес.