Четверг, 25 апреля

Британиянын саламаттыкты сактоо министринин орун басарына коронавирус жукту

0

Улуу Британиянын саламаттыкты сактоо министринин бейтаптардын коопсуздугун көзөмөлдөө боюнча орун басары Надин Доррис коронавирус менен ооруп жатат. Бул тууралуу өзү кабарлады.

“Менин коронавируска карата тапшырган анализим оң жыйынтык көрсөттү. Угарым менен колдон келгендерди кыла баштадым, азыр үйдөмүн”- деди Доррис.

Дорристин айтымында, Англия коомунун ден-соолугун көзөмөлдөө башкармалыгы анын кимдер менен байланышканын иликтеп жатат.

Британдык ЖМКларда Доррис бейшемби күнү премьердин резиденциясында болгон, эртеси күнү өзүн начар сезе баштаган.

Улуу Британияда жалпы 373 адам коронавирус менен күрөшүп жатса 6 адам каза болду.

 

 

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз