Суббота, 20 апреля

«Атлетико» клубу «Ливерпулду» жеңди

0

Футбол боюнча Чемпиондор лигасынын 1/8 финалынын жооптук беттешинде испаниялык «Атлетико» клубу «Ливерпуль» командасы менен оюн өткөрдү.

Бүгүн, 12-мартта өткөн оюнда «Атлетико» атаандашын 3:2 эсебинде утуп, Чемпиондор лигасынын чейрек финалына өттү.

Оюндун 43-мүнөтүндө англиялык клубдун оюнчусу Жорджиньо эсепти ачса, 94-мүнөттө Роберто Фирмино өзүнүн клубуна экинчи голун алып келди.

Ал эми «Атлетиконун» оюнчулары Маркос Льоренте (2 гол) жана Мората беттештин акыркы убактыларында гол киргизишти.

Эскерте кетсек, эки команданын алгачкы беттешинде да «Атлетико» 1:0 эсебинде «Ливерпулду» жеңип алган.

Чемпиондор лигасынын мурунку сезонунда «Ливерпуль» клубу жеңүүчү аталган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз