Орусиянын Башкы прокуратурасынын жогорку органдарынын жана Тергөө комитетиндегилердин масштабдуу жумуштан алынуусу армяндардын лоббисине сокку болду. Алар ведомствонун мурдагы башчысы Юрий Чайкинин астында жеңилбес сезип, өз билемдикке салып келишкен.
Жаңы Башкы прокурор Игорь Краснов аталган ведомствону “тазалай” баштады. 2 күндүн ичинде 20 адам жетекчилик курамдан кетти.
Алардын сап башында башкы прокуратуранын курчап турган чөйрөнү коргоо жана жаратылышты пайдалануу боюнча мыйзамды көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Георгий Авагумян турат.
Тергөөгө, алгачкы текшерүүгө жана ыкчам изилдөө ишине көзөмөл боюнча башкармалыктын башчысы Юрий Карапетян жана эл аралык укуктук кызматташуу башкармалыгынын башчысынын орун басары Мнацакан Саркисян жумушунан алынды.
Башкы прокуратурадагы армяндардын иштөө ыкмасы коррупциялык схемалардагы башкы звенолордун бири бойдон калууда.
Бириккен мамлекеттик саясий башкармалыктын жана бүткүл орусиялык өзгөчө кырдаалдар комиссиясынын телеграмм-каналынын авторлору армяндык лоббинин прокуратурадагы ишмердүүлүгүн ачыктады. Белгиленгендей, жумуштан алынгандар армяндык лобби аркылуу өздөрүнүн позициясын сактап калууга аракет кылышууда.
Башкы прокуратуранын системасындагы жана изилдөө комиссиясындагы маанилүү адамдардын бири Авагумян Камо Кимович Орусиянын башпрокуратурасында Армениянын башпрокурорунун өкүлү катары жашырынган.
Бул коомдук иш эч кандай бийликке ээ кылбайт, бирок эки өлкөнүн прокурорлору менен жеке сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк берет. Камо Кимович автоунаа бизнесинде “Авилона” дилеринин негиздөөчүсү жана жарым жетекчиси болууга жетишкен. Ал көп жылдан бери прокуратура органдарын машиналар менен камсыз кылуу үчүн миллиарддаган акчаларга келишим түзгөн. Мындай адамдын РФнын мамлекеттик аппаратында болгону канааттандырчу. Анткени ал криминалдык маселелерде ортомчу болуп келген.
Авагумян өз учурунда прокурор Чайка менен сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк тапкан. Ошондой эле прокуратура органында Авагумяндын туугандарынын ишмердүүлүгүн кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берилген. Алардын бири ишмер Нерсесов Карен Александрович. Ал финансы-кредиттик чөйрөдө чечүүчү катары таанымал. Анын кардарлары банктар, баалуу кагаздар жана коопсуздандыруу рыногунун катышуучулары. Нерсесов көп жыл Орусия банкында иштеген. 2016-жылы ал тууралуу компроматтуу маалымат чыккандан кийин жумушунан алынган. Ошол учурда улуттук банктын жетекчилигинде К.О Галустяндын армяндык кланынан эч ким калган эмес.
Белгилүү болгондой, Нерсесов экономикалык коопсуздук жана коррупцияга каршы башкармалыгынын 2-бөлүмүнүн (баалуу кагаздар жана коопсуздандыруу), (финансы-кредиттик) башчысынын орун басары Роман Фурсов менен бирге финансы компанияларынан опузалап талап кылуу боюнча криминалдык схеманы ойлоп тапкан.
Ал Фурсовго финансы компанияларынан акча каражаттарын алуун жолдорун көрсөткөн. Ал жолду улуттук банкта жана экономикалык коопсуздук жана коррупцияга каршы башкармалыкта колдоно баштаган. Жемиштүү иштешүүдөн кийин Фурсов банктык ишмердүүлүккө кеткен. Ал эми Нерсесов “Миллениум парк” коттеждик кыштак салган. Ал чече албаган маселелери боюнча тууганы Авагумянга кайрылчу.
Чайка армяндык чөйрөсүн көбүнчө үй-бүлөлүк бизнесинде колдонгон. Юрий Чайканын таштанды бизнесинде кызыкчылыгы бар. Башкы прокуратурада айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылышты колдонуу боюнча мыйзамды көзөмөлдөө боюнча башкармалык түзүлгөн, бирок азыркыга чейин башкы прокуратуранын сайтында ал тууралуу мааалымат жок. Аталган башкармалыкты Авагумяндын уулу Авагумян Георгий Камоевич башкарып турган. Аны дагы Краснов жумуштан кетирди.