Воскресенье, 19 мая

Ала-Букадагы чек арада талаш чыкты (видео)

0

Ала-Бука районунун Көк-Серек айыл өкмөтүнүн Таш-Арык айылында Өзбекстан менен чектеш аймакта суу талаштан улам чыр чыккан.

Бул чыр боюнча район Район акими Эмилбек Абдыкадыров уруш боюнча чектеш аймактагы район жетекчилеринин деңгээлинде сүйлөшүү болгонун билдирди.“10-март күнү чек ара тилкесинде Чуст районунун акими менен жолугушуп, жеринде сүйлөшкөнбүз. Биз тараптан жети үй-бүлөгө чек арадагы арык аркылуу агын суу барат. Ошондуктан арыкты биргелешип казуу жана тазалоону макулдашканбыз. 12-март күнү эки тараптан тургундар чогулуп, кайрадан чыр чыгыптыр. Алардын жергиликтүү бийлиги менен телефон аркылуу сүйлөшүп, арыкты эртерек тазалоо менен суу берүү чечимине токтолгонбуз. Бирок азырынча иштер баштала элек”, – деди район башчысы Абдыкадыров.

2020-жылдын январь айында да Таш-Арык айылындагы такталбаган аймакка суу бурууга келген өзбек чек арачылары менен жергиликтүү тургундардын ортосунда пикир келишпестик чыккан. Аймакта 100 гектардай жер учурда такталбаган участоктордун катарына кирет.

Жалал-Абад облусунун аймагында кыргыз-өзбек чегинде такталбаган алты участок бар. Алардын төртөө Ала-Бука районунда жана экөө Аксыда. Жалпысынан облуста 19 600 гектардан ашык жер талаштуу аймак болуп турат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз