Понедельник, 25 ноября

3 миллиард адам самын менен колун жууй албайт

0

Дүйнө жүзүндө 3 миллиарддын тегерегиндеги адамдын самын менен кол жууганга шарты жок. БУУнун балдар фонду маалымадагандай, бул көрсөткүч жалпы дүйнө жашоочуларынын 40 пайызын түзөт.

5 адамдын ичинен 3нүн гана үйүндө колун самын менен жууганга мүмкүнчүлүгү бар. Ошондой эле дүйнөдөгү мектептердин үчтөн биринде суу чыгуучу түтүкчө жок. Медициналык борборлордун 16%ында даараткана, суу түтүкчөлөрү жеткиликсиз.

Эсиңиздерге салсак, дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирусу алдын алуу үчүн колду самын менен жууп турууну сунуштаган. Коронавирус суу тамчылар аркылуу жугат. Оорунун алгачкы белгилери: дене таптын жогорулап кетиши, тамак оору, жөтөлүү, диарея жана аба жетпей кыйналуу.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз