Понедельник, 25 ноября

Стамбулдагы саммит телеконференция түрүндө өтөт

0

17-мартка пландалган үч тараптуу Түркия, Франция жана Германия лидерлеринин Стамбулда жолугушуусу телеконференция түрүндө өтөт. Коронавирустун коркунучунан улам ушундай чечим кабыл алынган.

Саммитте Түркия президенти Режеп Тайип  Эрдоган, Франциянын президенти Эммануэля Макрон жана Германия канцлери Ангелы Меркель Сириянын Идлиб шаарындагы абалды, качкындар тууралуу жана Түркия менен Евробиримдиктин мамилесин сүйлөшүшөт.

Эсиңиздерге салсак, 2011-жылы Сириянын башчысы Башар Асаддын бийлигине жергиликтүү калк каршы чыгып, калкка ок атуу менен коштолгон. Ошондон бери Асаддын режими, “Хезболла” кыймылы жана Орусия күчтөрү Сирияны жардырып келишет.

БУУнун билдирүүсүнө таянсак, 220 000 адам каз болгон. Орусия тышкы иштер министри 4,6 миллион Сириялык качкын бар экенин, 7,6 миллион өлкө ичиндеги миграция болгонун кабарлаган. 13,5 миллион адам жардамга муктаж.

Түрк ММКлары сириялык качкындарды Түркия кармай албай калганын жарыялаган. Бирок Евробиримдик Түркия бул тууралуу расмий билдирүү бербегенин айткан.

Ошондон тартып миңдеген качкындар Евробиримдикке мүчө өлкөлөргө кетүүгө аракет кылышкан. Бирок Греция өз аймагына киргизбей, көздөн жаш агызуучу газ колдонушкан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз