Воскресенье, 19 мая

Көзү азиз Андрей ислам динин кабыл алды

0

Кече, 13-мартта 29 жаштагы орус улутундагы Андрей Сергеев ислам динин кабыл алды. Ал мындай чечимди өзү кабыл алган.

“Ислам дини тынчтыктын, тазалыктын, боорукерликтин, кайрымдуулуктун жана бир туугандыктын дини экендигине дагы бир жолу ынандым. Досторумдун арасында дагы мусулман балдар бар. Алар дайыма камкор мамиле кылышат”-дейт Андрей.

Андрей Сергеев көзү азиз болгондугуна карабай массаж жасоо боюнча билим алып, келечекте адамдарга пайдасын тийгизип, алардын ден-соолуктарына кам көргүсү келет. Ал Нарын облусунун Миң-Куш айылында төрөлүп, Балыкчы шаарында өскөн.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз