Суббота, 18 мая

ТИМ: Өлкөгө кире албай калгандарга жардам беребиз

0

Чек ара жабылганынан улам Кыргызстанга келе албай калган чет өлкөдөгү мекендештерибиз кыргыз консулдугуна кайрылса жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу өкмөттүн коронавируска карата жыйынында тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов билдирди.

“Азырынча кайрылуулар боло элек. Эгер болсо дипломаттар аларды автобуска чогултуп, чек арадан өткөрүшөт. Биз сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз”- деди Абдрахманов.

Эсиңиздерге салсак, коронавирустан улам Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан менен чек аралар жабылган. Бирок сырттагы кыргыз жарандарына өлкөгө кирүүгө мүмкүнчүлүк берилген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз