Суббота, 20 апреля

Коронавируска каршы дары изилденип бүттү

0

Кытай окумуштуулары вируска каршы “Фавилавир” дарысын изилдеп бүтүштү. Аталган дары коронавирус менен жабыркаган бейтаптын дене табы менен күрөшөт. Бул тууралуу «Жэньминь жибао» гезити жазды.

“Кытай коронавируска каршы дарыны изилдеп бүттү. Ал организмдин калыбына келишине жардам берет”- деп жазылат маалыматта.

«Фавилавирди» Zhejiang Hisun Pharmaceutical компаниясы чыгарат. Ал  “Фавипиравир” жана “Авиган” деген да аталышка ээ. Жапония ушундай аталыштагы дарыны сасык тумоого каршы чыгарат. Буга чейин Жапония ММКлары өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри “Авиган” менен дарылоону карап жатканы тууралуу жазышкан.

Financial Times гезитине таянсак, көптөгөн компаниялар дарыны бейтаптарга колдонууну башташкан. Эң чоң Sanofi жана Regeneron компаниялары ревматоиддик артриттин дарысы «Kevzara» коронавирус менен коштолгон ооруга жардам берерин аныктоого аракет кылышууда. Изилдөөгө коронавирус менен ооруган 400 бейтап катышат.

Ал эми бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирус шектелсе ибупрофендин ордуна парацетамолду ичүүнү сунуштайт. Муну уюмдун өкүлү Кристиан Линдмайер айткан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз