Воскресенье, 24 ноября

Блог. Корона-шоу

0

Коронавирустун кызыктуу тараптарынын бири,кайсыл бир мамлекетте кембагал букарага аз санда гана таркашы эмес, туура барып белгилүү жана акчалуулардын жакасынан кармагандыгы…
Папалар, королдор жана ханзаадалар, баш бакандар, саламаттыкты сактоо бакандары, сенаторлор, белгилүү футбол жылдыздары же машыктыруучулар. Голливуд жана сахна жылдыздары ж.б.
Бул вирусубуз бирааз шоуну сүйүүчү болуп чыкты го.
Кала берсе бул атың өчкүр вирустун адамдардын диний борборлорун жана ибадатканаларын да бутага алуу адаты дагы бар экен….
-Ухань жана Түштүк Кореядагы канисалар(синагога) жана ал жерде өткөзүлгөн иш-чаралар.
-Франция жана АКШ сымал мамлекеттердин чиркөөлөрү жана поптору менен кошо иш-чараларга катышкан калайык.
-Ирандагы шиалардын борборлору болгон Кум шаары жана кербалачылар.
-Италиядагы Ватикан жана католиктер.
-Израил зулум биримдигиндеги антисионисттик Хереди жамааты.
-Арабстандагы Мекке, Мадина шаарлары жана умра кылуучулар.
-Мусулман өлкөлөрүндөгү мечит жамааты ж.б.
Туура, бүткүл сыйынуучу жайлар азыр карантинде. Бирок, кызыктуу болгон жери ,жогорудагыдай диний жайлар бүткүл дүйнөлүк кабарлардын алдына чыгарылышы… Баланча кофеканада, түкүнчө бузукуканада, баягы түнкү клубта, бустанча концерт залында, баланча соода борборунда, түкүнчө көңүл ачуу жайында же болбосо автобуста жана поездде “ушунча адам” вирус жуктуруптур деген кабарларды дээрлик көрбөй жатабыз. Жогорудагы кээ бир учурларды болсо өкмөт даражасындагы көрпенделер жарыя кылып жатышат… Кызык, туурабы?
Түркиянын бир канча “интеллегенция” бөлүгү жана аларды сокур ээрчиген катмар вирустун Туркияда мынчалык жайылып кетишине умрадан келген зыяратчылар күнөлүү деп чыгышты.
Кызык эле…
Абдулқодир Ал Азҳарий мырзанын макаласын (алгачкы жолу) өзбекчеден котордум. Албетте түрк тилдүү болгон жалпыбыз бири-бирибизди ортомчусу жок түшүнүшүбүз керек болчу, бирок 70 жылдык орустун таасиринен улам боордош улуттарды эмес, башка аймактын тилин түшүнбөй жатабыз.
Урматтуу мусулман боордоштор, акыркы учурда “Кортук кочкор төл бузат, куйту киши эл бузат” деген макалдагыдай, эчкиси туубай калса да, мусулмандарды күнөөлөгөндү сүйгөн жана элдин ичине бүлүк салган бузукулар көбөйдү. Алар менен айтышпай эле, ушул макаланы комментарий кылып, постуна арызданып (пожаловаться дегенди басып), андайларды эстей жүрөлү. Анткени эртең эле шайлоодо ошолор төшүн кагып чыгат!
Ал эми муфтият бул чабуулдарга тийиштүү жообун бериш керек.
КР мусулмандары эң биринчилерден болуп коронавирус өлкөбүздө чыга электе медреседеги балдарды таратып, жума намазына чектөө киргизип, илдет чыккандан соң алгачкылардан болуп атайын эсепке 700 000 сом которду, мечиттерди жаап, дезинфекция иштерин жүргүздү. Учурда ондогон мусулман фондтору элдин аярлуу катмарын тамак-аш, керектүү самын-сумун менен камсыз кылып жатат. Муну эмнеге жазбайсыңар?

Нуриет Абдулазиз

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз