Вторник, 17 сентября

Депутат “Сапат” лицейлерин текшерүүнү сунуштады

0

Депутат #metoosebat деги даттануу үчүн “Сапат” лицейлерин текшерүүнү сунуштады
“Сапат” билим берүү мекемелерин маалымат каражаттарында айтылган тартип бузуулар боюнча текшерүү зарыл. Мындай демилгени бүгүн, 28-февралда парламент жыйынында Талант Мамытов (“Республика – Ата Журт”) көтөрүп чыкты.
Ал “Себаттын” (2017-жылдан тартып бул окуу жай “Сапат” деп өзгөртүлгөн) бүтүрүүчүлөрү #metoosebat хэштегинин алдында кабыл алуунун ар кандай жөрөлгөлөрү тууралуу жазышкан бир нече постторду окуду.Айрымдары окутуучулар аларды кемсинтип, уруп-сабагандыгын айтышкан.
“Көптөгөн мамлекеттерде “Себат” окуу жайлары сепаратисттик уюм катары жабылган, ал эми бизде болгону аталышы гана өзгөргөн. Мен окуу жайлар кандай, кимдики болбосун, алар мыйзамдуулукту сакташы керек деп ойлоймун. Мен Сизге сунуштайт элем (спикерге) тиешелүү органдарга, министрликке алар бул жагдайды териштирип, чара көрүшү тууралуу протоколдук тапшырма беришиңизди сунуштайт элем”,- деди Мамытов.
“Сапат” билим берүү тармагынын карамагында 16 лицей, эки эл аралык мектеп, ошондой эле төрт башталгыч мектеп жана “Ататүрк – Алатоо” университети бар. Анын 30% үлүшү Кыргызстанга таандык.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз