Понедельник, 20 мая

Францияда жылына 41 миң киши ичимдиктин айынан өлүүдө

0

Францияда жылына 41 миң киши ичимдиктин айынан өлүүдө
Францияда ар жылы спирт ичимдиктеринин кесепетинен 41 миң киши өлүмгө дуушар болгондугу кабарланды. Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу борбордун сунган докладында алкоголдун инсандардын ден-соолугуна тийгизген таасири жөнүндө айтылды. 2015-2017 жылдардагы изилдөөлөргө таянып түзүлгөн бул докладда жылына 30 миң эркек жана 11 миң аял, жалпысынан 41 миң киши алкоголго байланыштуу келип чыккан оорулардын кесепетинен жашоо менен кош айтышаары белгиленген. Айтылган 41 миң кишинин 16 миңге жакыны спирт ичимдигин көп колдонуунун натыйжасында пайда болгон рак оорусунун айынан өлгөн. Докладда алкоголь эркектердин 11 пайызынын, ал эми аялдардын 4 пайызынын өлүмүнүн себепчиси экендиги көрсөтүлгөн. 65-75 жаш арасындагы кишилердин 26 пайызы күн сайын спирт ичимдигин ичкендиги жана 18-24 жаш арасындагылардын 19.4 пайызынын тез-тез мас абалда болгондугу маалым болгон. Араларында алкоголго берилүү менен күрөшкөн ассоциациялардын жетекчилери баш болгон көптөгөн врачтар бир канча ай мурда Франциянын Саламаттыкты сактоо министрине ачык кат жазып, алкоголь ичимдиктерине дагы көбүрөөк салык коюу сунушу менен кайрылышкан. Ал катта алкоголдун калктын ден-соолугуна тийгизген зыяны менен күрөшүүдө жетишерлик деңгээлде иш жүргүзүлбөгөндүгү да көрсөтүлгөн.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз