Понедельник, 20 мая

Президент Мамлекеттик туу күнү менен куттуктады

0

Президент Мамлекеттик туу күнү менен куттуктады
Президент Сооронбай Жээнбеков: Эгемендүү мамлекетибиздин туусу ачык асман алдында кылымдар бою көккө бийик желбирей берсин!

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Мамлекеттик туу күнү менен куттуктады. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалыматтык саясат кызматы билдирди.
Мамлекет башчысынын куттуктоосу:
“Урматтуу мекендештер!
Сиздерди мамлекеттүүлүктүн жана эгемендүүлүктүн белгиси – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусунун күнү менен чын дилимден куттуктайм!
Санжыралуу тарыхы бар кыргыз мамлекетибиз, байыркы элибиз үчүн Туубуз өзгөчө мааниге ээ. Кызыл туубуз уюткулуу элибиздин басып өткөн татаал жолун, ата-бабаларыбыздын каарман эмгегин жана асыл оюн таасын чагылдырып турат.
Биздин башкы максатыбыз – Кыргызстанды урпактарыбыз сыймыктангыдай эркин жана өнүккөн мамлекетке айландырып, элибиздин бейпил жашоосу үчүн шарттарды түзүү.
Ушул жаркын майрамда бардыгыңыздарга чың ден-соолук жана бакыт-таалай, Кыргызстаныбызга – тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалайм!
Эгемендүү мамлекетибиздин туусу элибизди ынтымакка, биримдикке жана жаратмандыкка чакырып, ачык асман алдында кылымдар бою көккө бийик желбирей берсин!”

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз