Понедельник, 20 мая

Банктар аймактык ишкерлерге берилген кредиттин көлөмүн көбөйттү

0

Банктар аймактык ишкерлерге берилген кредиттин көлөмүн көбөйттү
Өлкөнүн финансы институттары — Россия-Кыргыз өнүктүрүү Фонду (РКӨФ), «Кепилдик фонд» ААК, «Айыл Банк» ААК жана «РСК Банк» ААК аймактык ишкерлерге берилген кредиттердин көлөмүн жана суммасын көбөйттү. Бул тууралуу жогоруда аты аталган финансылык институттардын жетекчилери 6-мартта Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун кабыл алуусунда маалымдашты.
РКӨФ төрагасы Эркин Асрандиевдин маалыматына ылайык, 2018-жылдын аягына карата РКӨФ тарабынан жалпы суммасы 304 млн АКШ долларды түзгөн 1 653 долбоор жактырылган. 2018-жылдын ичинде жактырылган кредиттердин суммасы 42,1 млн АКШ долларын түзүп, саны 2 эсеге өсүп, 1653 долбоорду түзгөн (+831 кредит). Жыл ичинде курулуш материалдарын чыгарган ишкана, цемент заводу, кийим жана бут кийим тигүүчү фабрикалар, макарон комбинаты — бардыгы болуп 7 ири ишкана ачылды. Бул көрсөткүчтөр Фонддун өнөктөш банктары тарабынан берилген кредиттердин аркасы менен келип чыккан.
«Кепилдик фонду» ААКтын төрагасы Малик Абакиров маалымдагандай, 2018-жылдын аягына карата Кепилдик фонддун портфели 755 млн сомго 656 гарантия түзгөн. Берилген кепилдиктердин эсебинен коммерциялык банктар тарабынан 2,7 млрд сомго кредиттер берилген. 2018-жылы 507 млн сом өлчөмүндө 419 гарантия берилген. 2017-жылга салыштырмалуу саны боюнча 76%га, ал эми суммасы боюнча 2 эсеге өскөн. 2019-жылга карата 1 млрд сомго чейин кепилдик берүү пландалууда.
«Айыл Банктын» төрагасы Мурат Акимовдун айтымында, 2017-жылга салыштырмалуу жыл ичинде Айыл Банктын кредиттик портфели 14,7 млрд сомдон 19,3 млрд сомго чейин (+4,6 млрд сом) өскөн. 2018-жылы 13,20 млрд сом өлчөмүндө 50 940 кредит берилип, 2017-жылга салыштырмалуу 2,5 млрд сомго көбүрөөк жана саны 4 968ге өскөн. Аймактарга 8,39 млрд сом өлчөмүндө кредиттер берилип, суммасы 2017-жылга салыштырмалуу 1,96 млрд сомго өскөн, 4 325ке көбөйгөн. «Айыл Банк» өзгөчө сүттү кайра иштетүү жагына көңүл бурууда.
Өз кезегинде «РСК Банктын» төрагасы Азизбек Оморкулов белгилегендей, 2017-жылга караганда 2018-жыл ичинде РСК Банктын кредиттик портфели 10,7 млрд сомдон 12,6 млрд сомго чейин (+17,9%) өскөн, 8,04 млрд сом өлчөмүндө 8 899 кредит берилген жана облустарга берген кредиттердин көлөмү жогорулаган. Региондорго берилген (Чүй облусунан башка) кредиттердин суммасы 3,25 млрд сомго, 2017-жылга караганда 11,25% өскөн, жалпысынан 6 302 кредит берилген. Ошондой эле «РСК Банк» мобилдик банкинг кызматын киргизди, эми эл көпчүлүк төлөмдөрдү интернет аркылуу жүргүзсө болот.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз