Кыргызстанда бир суткада 1108 кишиде Covid 19 жана пневмония дарты аныкталды. Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматованын маалыматына ылайык, оорулуулар төмөндөгү аймактарда жашашат:
Бишкек шаары – 323
Ош облусу – 217
Ыссык-Көл облусу – 154
Чүй облусу – 122
Жалал-Абад облусу – 107
Талас облусу – 70
Баткен облусу – 61
Нарын облусу – 54
Март айынан бери өлкөдө 28 251 адамга коронавирус жуккан.