Суббота, 23 ноября

Екатеринбург шаарында Кыргыз-Тажик мушташынын катышуучусу делинип 18 жаран кармалды

0

Екатеринбург шаарында Кыргыз-Тажик жарандарынын ортосундагы мушташ орун алган. Бул окуядан кийин социалдык тармактарда «тажиктерди жазалоо жөнүндө» терс чакырыктар тарай баштаганын ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 21-июлда кыргыз жана тажик улутундагы белгисиз адамдар Москванын аймагындагы коомдук жайда массалык түрдө мушташкан.

«Жогорудагы факты Москва шаары боюнча ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмү 213-берененин 2-бөлүмү («Бейбаштык») менен кылмыш иши козголгон. Москва шаары боюнча экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча башкы башкармалыгы тажиктер жана кыргыздар тарабынан ар кайсы мессенжерден укукка каршы иш-аракеттерди жасоого чакырган факты боюнча топтолгон материалдардын негизинде текшерүүнү баштаган. Аталган факты боюнча шектүү катары 9 Кыргыз жараны жана Тажикстандын 9 жараны кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгү тарабынан улуттар аралык чыр-чатакты болтурбоо боюнча алдын алуу-түшүндүрүү иштери жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз