Ош окуясы боюнча күнөөлүү деп табылып, өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаров каза болду. Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасулова жазды. Кийинчерээк бул маалыматты анын жактоочусу Валерьян Вахитов тастыктаган.
Жактоочунун айтымында, Азимжан Аскаров бүгүн түндө №47 түзөтүү абагынын ооруканасында көз жумган. Ал узак убакыт бою катуу ооруп жүргөн жана андан пневмония оорусунун белгилери дагы аныкталган.
Азимжан Аскаров 2010-жылдагы Июнь окуясында баш аламандык уюштурган делинип, өмүр бою эркинен ажыратылган. Ал бул күнөөсүн моюнуна албай келген.