Судьялар кеңеши тарабынан президенти Сооронбай Жээнбековдун атына ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу жергиликтүү соттордун бир катар судьяларын кызмат орундарынан бошотуу тууралуу сунуштар киргизилген.
Конституциясынын ченемдерине жана мыйзамдарына ылайык, мамлекет башчысы тиешелүү жарлыктарга кол койду.
Биринчи жарлыкка ылайык, Октябрь райондук сотунун төмөндөгү судьяларынын ыйгарым укуктары токтотулду жана алар жергиликтүү сотунун судьясы кызмат орундарынан бошотулду. Алар: Абакиров Кайсын Кадырович; Алиев Авчи Мустафаевич; Сариев Аманбек Орозунбекович.
Экинчи жарлыкка ылайык, Биринчи май райондук сотунун судьясы Эрнис уулу Айбектин ыйгарым укуктары токтотулду. Ал Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы кызмат ордунан бошотулду.
Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.