Пятница, 26 апреля

Кытайдын Чэнду шаарындагы АКШнын Башкы консулдугу жабылганы айтылууда

0

Кытайдын Чэнду шаарындагы АКШнын Башкы консулдугу жабылды. Бул тууралуу расмий маалыматтарга таянуу менен чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты.

Анда жазылган маалыматка ылайык, Чэнду шаарындагы АКШнын Башкы консулдугу расмий түрдө жабылган. Андан соң жергиликтүү бийлик мекемеге кирип, аны «өз карамагына алышкан».

АКШнын Чэнду шаарындагы башкы консулдугу 1985-жылы ачылган. Ал өлкөнүн түндүк-батышына, анын ичинде Сычуань, Юньнань, Гуйчоу жана Тибет автономдук райондоруна жооптуу болгон.
Буга чейин 21-июлда АКШ Кытайдын Хьюстон шаарында жайгашкан башкы консулдугун жапкан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз