Четверг, 19 сентября

Бишкектеги стационарларга жалпы 83 миңдей жаран кайрылган

0

Бишкектеги күндүзгү жана түнкү стационарлар бир айдын ичинде дээрлик 83 миңдей кишиге жардам берди. Бул тууралуу бүгүн, 29-июлда шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Өткөн суткада күндүзгү стационарларга 1 миң 773 жаран келип түшсө, алардын ичинен 1 миң 206 бейтап инфузиялык терапиядан өтүштү, 534 адам медициналык кеңеш алышты, 13 адам ооруканага жаткырылды. Ал эми 28-29-июлга караган түнү 268 адам түнкү стацонарларга кайрылган. Каза болгондор катталган жок.

Күндүзгү стационарлар ачылган күндөн 29-июлга чейин жалпы 75 миң 755 тургунду кабыл алса, түнкү стационарларда 7 миң 220 жаран кабыл алынган.

Күндүзгү 13 стационарларда 908 орун, түнкү үч медициналык жайда 265 орун даярдалган.

«Стационарларда Бишкектеги үй-бүлөлүк медицина борборлорунун дарыгерлери, адистер, медайымдар, санитарлар, ыктыярчылар иштеп жатышат», — деп билдиришти мекемеден.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз