Пятница, 22 ноября

БУУ Аскаровдун өлүмү боюнча көз каранды эмес иликтөө жүргүзүүгө чакырды

0

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Кыргызстанда түрмөдө каза болгон укук коргоочу Азимжан Аскаровдун өлүмүнүн себебин аныктоо боюнча көз каранды эмес иликтөө жүргүзүүгө чакырды.

69 жаштагы Аскаров 25-июлда №47 абакта каза болгон. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) ал пневмониядан көз жумганын билдирген.

БУУнун Адам укуктары боюнча башкы комиссариатынын басма сөз катчысы Элизабет Тросселл 28-июлда Женевада журналисттерге: «Анын өлүмү боюнча токтоосуз көз каранды эмес жана натыйжалуу иликтөө жүргүзүү зарыл» деп айтты.

Ал ошондой эле эл аралык мыйзамдарга ылайык, Аскаровдун үй-бүлөсү бийликтен кенемте өндүрүп алууга укугу бар экенин кошумчалады.

Тросселл май айында БУУнун Адам укуктары боюнча башкы кеңсеси Кыргызстандын бийлигин Аскаровду саламаттыгына байланыштуу түрмөдөн чыгарууга чакырганын эске салды.

Ал ошондой расмий Бишкекти «пандемия маалында эң аялуу топко кирген абактагыларды мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча маселени карап чыгууга» дагы бир ирет чакырды.

Аскаров 2010-жылдагы июнь коогасын уюштуруу боюнча айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин түрмөгө кесилген.

Тергөө Аскаровдун күнөөсү далилденгенин билдирген, ал эми укук коргоочу өзү көзү тирүү кезинде бир нече кайрылуу таратып, милиция бул ишти андан өч алуу максатында атайылап уюштурганын, айыбы жок экенин белгилеген.

Аскаровдун өлүмүнө байланыштуу бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин сындаган билдирүүлөрдү таратышты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз