Воскресенье, 24 ноября

Президент маркумдардын үй-бүлөсүнө кайрат айтып, тилектештик билдирди

0

«Ар бир көз жумган мекендешим менин сай-сөөгүмдү сыздатып, жүрөгүмдү канатып кетти», — деп айтылат президент Сооронбай Жээнбековдун Улуттук аза күтүү күнүнө карата кайрылуусунда.

Өлкө башчысы дүйнөлүк апаатка айланган бул илдет Кыргызстан элин да кайгы-муңга салды, боордошторбуздан айрылганын белгилейт.

«Оорунун айынан жарандарыбыздын ата-энелери, балдары, бир туугандары, жакындары каза болушту. Өлкөбүз орду толгус жоготууга учурады. Каза болгондордун жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун, жаны бейиште болсун деп тилейбиз. Маркумдардын үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз, кайрат кылгыла дейбиз», — дейт Сооронбай Жээнбеков.

«Каза болгон жарандарыбыз — ар бирибиздин боордошубуз, жакыныбыз, мекендешибиз, досубуз, коңшубуз же жөн гана таанышыбыз», — деп кошумчалады Сооронбай Жээнбеков.

Президент илдет менен күрөштү биримдикте гана жеңе аларыбызды белгилеп, «элибиздин ден-соолугун сактап калуу — бул жалпы улуттук күрөш» — дейт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз