COVID-19 илдетинен өлкө боюнча 17 киши көз жумду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Алардын маалыматында, Бишкек шаарында— 9, Чүй облусунда — 2, Нарын облусунда — 2, Жалал-Абад облусунда — 4 бейтап кайтыш болду.
Март айынан бери вирус жана пневмониядан жалпы 1 миң 364 киши көз жумду.