Пятница, 20 сентября

Ошто мал тоютун чыгарган ишкана ачылды

0

Ош шаарында “Оазис-Агро” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан тоют бүртүкчөлөрүн чыгаруучу ишкананын ачылыш аземи болду. Анда сөз сүйлөгөн Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев кичи жана орто бизнести колдоо аркылуу өндүрүштү жогорулатуу жана жумуш орундарын түзүү мэриянын негизги багыттарынын бири экендигин билдирди. “Инвестиция тартуу, кичи жана орто бизнести колдоо, аларга шарттарды түзүп берүү, инвестициялык климатты жакшыртуу биздин негизги милдет жана бул багытта тийиштүү жумуштар аткарылып жатат”,- деди биринчи вице-мэр. Ишкана мал жандыктары үчүн күнүнө 30-40 тонна минералдык тоют бүртүкчөлөрүн чыгарат. Керектелүүчү азыктарды жергиликтүү калктан алышып, минерал кошулмаларын Орусия жана Европадан алып келишет. Аталган ишкана заманбап жабдыктар менен камсыз болуп, 50 адамга жумуш орундары түзүлгөн.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз