Суббота, 20 апреля

ФИФАнын президенти Кыргызстанга келет

0

Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) президенти Жанни Инфантино эл аралык аба каттамдары жанданганда Кыргызстанга келүүгө убада берди.

Кыргыз футбол союзунун басма сөз кызматы билдиргендей, 4-августта союздун президенти Канатбек Маматов Жанни Инфантино менен онлайн видеоконференцияга катышты. Ошондой эле онлайн иш-чарага Азия футбол конфедерациясынын президенти Шейх Салман, Афганистан, Иран, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын футбол федерацияларынын президенттери катышты. Жанни Инфантино COVID-19 пандемиясы учурунда ассоциацияларды жана ФИФАнын мүчөлөрүн колдоо үчүн жасалып жаткан иштер тууралуу айтып берди.

К.Маматовдун айтымында, өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдан улам улуттук чемпионаттын форматын өзгөртүүгө туура келди. Өлкөнүн футзал боюнча чемпионаты жыйынтыкталып, Азиянын клубдук чемпионатына катыша турган команда жарыяланды. Ал ФИФАнын президентине буга чейин Кыргызстанга келүүгө убада бергенин эскертти.

«Инфантино убадасын аткара турганын жана эл аралык каттамдарга уруксат берилгенде Кыргызстанга келерин айтты», — деди ал.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз